Аскер бөлүгүндөгү жарылуу. Жапаров Казакстандын президентине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскер бөлүгүндө болгон жарылуудан каза болгондорго байланыштуу Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан терең кайгыруу менен көнүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бул суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен жакындарына көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин баарына тезирээк сакайып кетүүнү каалаймын. Орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД