Өзгөн каналынын жээгинен кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын Нариман айылындагы Өзгөн каналынын жээгинде адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу милицияга билдирүү түшкөн.
Ал жерге 3 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.