Орус басылмалары журналисттердин куугунтукталышына каршы акциясын өткөрүшөт

Бүгүн орусиялык басылмалар, анын ичинде "Новая газета", 7x7, Republic, Wonderzine, Forbes журналынын орус редакциясы, "Медуза" жана "Дождь" телеканалы Кремлге баш ийбеген жана куугунтукталган журналисттерге тилектештик иретинде акция өткөрүшөт.

Алар муну менен катар Орусиянын президенти Владимир Путинге, ФСБнын директору Александр Бортниковго, ИИМ башчысы Владимир Колокольцевге, Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володинге жана башка жогорку кызматтагы аткаминерлер менен мамлекеттик ишмерлерге ачык кат жолдошту.

Журналисттер ЖМКларга, алардын ээлерине жана айрым физикалык жактарга "чет өлкөлүк агент" мамкамын ыйгаруу чечимин кайра карап чыгууну, кесиптештерин кылмыш жана административдик куугунтукка алууну токтотууну талап кылышууда.

Алар кабарчылардын ИИМ жана Росгвардия кызматкерлери тарабынан сабалышына көңүл бурууну жана бул окуяларды тыкыр иликтеп чыгууну өтүнүүдө.

Кайрылуунун толук мазмуну менен "Новая газетанын" сайтында таанышууга болот.

20-августта Орусиянын Юстиция министрлиги "чет элдик агент" тизмесине "Дождь" телеканалы менен "Важные истории" басылмасын киргизген. Журналисттердин "Четвертый сектор" бирикмеси да бул тизмеге кошулганы ачыкка чыккан. "Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам Орусияда 2012-жылдан бери күчүндө. Анын тизмесине сырттан каржыланып, саясий ишмердик жүргүзгөн бардык уюмдар кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД