Кочкордо жол кырсыгынан 7 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак-Орук-Там унаа жолунун 23-чакырымында болгон. Анда Subaru Forester жана "Нива" үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 7 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
Куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.