Казакстан ЕБ жарандарын эвакуациялаган учактардын май куюсуна уруксат берди

Казакстан Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн жарандарын эвакуациялаган учактар үчүн өз аймагында май куюуга мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев Европалык кеңештин президенти Шарль Мишель менен телефондо сүйлөшүү учурунда билдирди.

"Мамлекет башчы Казакстан менен ЕБ көңүл чордонундагы ооган маселеси боюнча тыгыз байланышта боло алат деп эсептейт. Казакстан ЕБ жарандарын эвакуациялаган учактарга өз аэропортторунда май куюп кетишине мүмкүндүк берет", - деп айтылат Акордо тараткан маалыматта.

Токаев согуштан запкы тарткан ооган элинин кызыкчылыгын коргогон бардык этникалык топтордун катышуусунда инклюзивдүү өкмөт түзүлгөндөн кийин Ооганстанда кырдаал турукташарына үмүт артты.

Европалык кеңештин президенти Twitter"деги аккаунтуна БУУнун Ооганстандагы миссиясын өз аймагына жайгаштырганы үчүн Казакстанга ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары Шарль Мишель Казакстан чөлкөмдөгү коопсузукту камсыздоодо негизги өнөктөш экенин белгиледи.

Соңку аптада жүздөгөн ооган жараны Тажикстан менен Өзбекстанга качып барууга аргасыз болушту. Ооганстанды талибдер басып алгандан кийин чөлкөмдөгү өлкөлөр качкындардын агымы көбөйөрүнө тынчсызданышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД