Эгемендиктин урматына айылдын чок ортосуна туу орноткон аксылыктар

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагынын Кара-Тобо айылында кароол дөбөгө кыргыз желеги орнотулду. Бул тууралуу редакцияга аталган айылдын тургундары билдирди.

Маалыматка ылайык, айыл тургуну Бакыт Уметовдун демилгеси менен Орусияда эмгектенген айыл тургундары каржылык колдоо көрсөтүп, айылдын так ортосунда жайгашкан кароол дөбөгө 13 метр бийиктикте кыргыздын кырмызы кызыл туусун орнотушкан.

Алардын мындай аракетин айылдыктар жапырт колдоого алып, казуу иштерин, жүргүзүп, башталган ишти аягына чыгарышкан.

Кара Төбөлүктөрдүн жакшы саамалыгын Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Шекербек Камчыбек уулу жакшы жөрөлгө деп баалап ачылуу аземине катышып, салым кошкондорго жакынкы арада сыйлоо баракчасын бере турганын айтты.

Мындан бир нече кылымдар мурда соот кийип, кылыч кармаган доордо бул чөлкөмдө кароол дөбөнү жергиликтүү эл согуштук стратегиялык жай катары пайдаланып, сырттан келген душманды кайдан келерин карап турушкан. Коркунуч пайда болуп, алыстан душман корунсо от жагып түтөтүү м-н айылдыктарга жана жакынкы кароол дөбөгө белги беришкен.

Бур муштумдай түйүлгөн айыл эли мындан ары туунун айланасына отургучтарды орнотуп, айланасына бак тигүүнү мерчемдеп жатышат. Жылдын даталуу күндөрүндө жаштар ушул жайга топтолуп, эстелик үчүн сүрөткө түшкөн эс алуучу жай катары пайдаланууну максат кылышууда.

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгынын урматына Кашка Суу айыл аймагында салтанаттуу жөө жүрүш уюшулуп, спорттук иш чаралар өткөрүлмөкчү. Мындан сырткары ыр бий менен коштолгон майрамдык кече уюштурулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД