Таласта жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 18 чакырымында (Талас районунда) болгон. Анда "Хонда ФИТ" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 3 адам ар кандай жеңил жаракаттарды алышкан.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Абалдары туруктуу.