АКШ Кабул аэропортуна бараткан жоочулардын машинесине сокку урду

29-августта америкалык пилотсуз учак Кабулдагы эл аралык аэропортту көздөй "Ислам мамлекети" террордук тобунун жоочуларын салып бараткан машинени бутага алып, сокку урганы белгилүү болду.

АКШнын аскер адамдары машине жан кечти террорчуларды салып баратканын ырастап, сокку өз максатына жетти деп санашат.

Кошмо Штаттардын Башкы командачылыгынын басма сөз катчысы Билл Урбан машинеге сокку тийгенде, анын ичинен чачыраган заттар толтура жардыруучу материалдар бардыгын көрсөткөнүн билдирди. Урбан "ушул тапта карапайым бирөөлөр жабыркаганы тууралуу эч кандай далил жок" деп кошумчалады.

Ушул эле күнү аэропорттон алыс эмес райондогу үйдө жарылуу болгону тууралуу кабар тарады, бирок анын америкалык пилотсуз учактын соккусу менен байланышы бар-жогу белгисиз.

Associated Press агенттиги ооган полициясынын башчысына таянып, түштөн кийин Кабулдун Хувжа Бугра районуна ракета тийгенин билдирди. Социалдык медиада тараган видеодо имараттан кара түтүн көтөрүлүп, бир нече киши анын чатырында жалынга суу чачып жатканын көрүүгө болот.

Учурда америкалык аскер күчтөрүнүн акыркысы Кабулдан чыгып кетип жатат.

Кабул аэропортунда кырдаал кооптуу болуп турат. Үч күн мурун жанкечти террорчу өзүн жардырып, бир нече кишинин, анын ичинде 13 америкалык аскердин өмүрүн кыйган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД