Жалал-Абад облусунда бир аптада 50 мас айдоочу кармалды

Жалал-Абад облусунда бир аптада 50 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, облус аймагында 21-августтан 28-авгуска чейинки бир жума аралыгында жалпы 1570 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталган. Анын ичинен 50 айдоочу автоунааларын мас абалында, 445 айдоочу каттуу ылдамдыкта, 30 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн болсо жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1035 айдоочуга протоколдор түзүлгөн.

Жалпы 190 автоунаа атайын айып короого коюлган. Булардын көпчүлүк бөлүгүн унааларын туура эмес жайга коюп, эвакутор аркылуу адистештирилген атайын айып короого коюлган.

Жалал-Абад областтык ЖККК бөлүмү жалпы жол кыймылынын катышуучуларына жолдо жүрүүдө, жол эрежелерин так сактап жүрүүнү эскертет!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД