Кытай Кыргызстанга аскердик-техникалык мүлктөрдү белеке кайтарымсыз берди

Бүгүн, 26-майда Улуттук гвардияга аскердик-техникалык мүлктөрдү өткөрүп берүү иштери жүргүзүлдү. Алар Кытайдын Элдик-куткаруу армиясы тарабынан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө аскердик-техникалык жардам катары кайтарымсыз берилди.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, иш-чарага коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень катышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД