БШК: Партиялар ЖК шайлоосуна катышуу үчүн 3-сентябрга чейин кайрылышы керек

Саясий партиялар 3-сентябрга чейин 28-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу тууралуу билдирүү бериши керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти

Маалыматка ылайык, шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү дайындалгандан кийин (2021-жылы 3-сентябрь – билдирүү берүүнүн акыркы күнү) 5 күн ичинде КР мыйзамына ылайык, саясий партиялардан талап кылынган шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атын жана маалыматын көрсөтүү менен БШКга шайлоого катышуу тууралуу билдирүү бериши керек.

Ошондой эле маалыматта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүүгө мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар укуктуу экени айтылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД