Жалал-Абад шаарындагы батирлердин биринен кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ӨКМнын куткаруучулары Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөгү батирлердин биринин эшигин ачышкан. Анын ичинде 1958-жылы туулган Н.Н. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.