Тышкы иштер министри Швейцариянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылйаык, жолугушууда тараптар алдыдагы эки жактуу иш-чаралар боюнча маселелерди талкуулашты, анын ичинде 2022-жылы өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүүгө көңүл бурушту. Өнөктөштөр 2022-2025-жылдарга карата Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы кызматташуунун жаңы стратегиясын өзүнчө талкуулашты.

Министр Казакбаев стратегияга санариптештирүү, экология маселеси, региондорду жана агрардык секторду өнүктүрүү боюнча долбоорлорду киргизүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, тараптар кыргыз-швейцар мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешип, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты. Алар өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

КР тышкы ведомство башчысы Швейцария өкмөтүнө экономикалык жана техникалык жардам, ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун аягында министр Р.Казакбаев кыргыз тараптын эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө даярдыгын билдирди жана элчини КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата майрамдык иш-чараларга катышууга чакырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД