Талаштарды сот эмес медиатор аркылуу чечүүнүн эң негизги себептери

27-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана Министрлер Кабинети өнөктөштөр менен биргеликте талаштарды жөнгө салуу системасын, анын ичинде медиацияны колдонууну талкуулашты. Эмне үчүн медиация темасы өкмөт үчүн маанилүү жана ал адилеттүү чечимге кантип алып келе алат?

Талкууда сөз сүйлөгөн президенттик администрациянын соттор жана прокуратура менен иштөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Алия Ширинбаеванын айтымында, медиация институту Кыргызстанда 2018-жылы киргизилгени бекеринен эмес.

"Соттон тышкары жана сотко чейинки жөнгө салууну (медиация) колдонуу механизмдери инвестициялык жагымдуулукка жана жалпы өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Мисалы салык төлөөчү менен мамлекеттик органдардын ортосунда талашты медиация аркылуу чечүү конструктивдүү диалогго алып келет", – дейт Ширинбаева.

Медиация – бул бейтарап медиатор катышкан талаштарды чечүүнүн соттон тышкары альтернативдүү ыкмасы. Ал ыктыярдуулук, кызматташуу, теңчилик, медиатордун бейтараптуулугу жана купуялуулук принциптеринде жүргүзүлөт. Эң башкысы, чечимди эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен тараптар өздөрү кабыл алат.

Медиация үй-бүлөлүк жана эмгек талаш-тартыштарында да колдонулушу мүмкүн, ал эми ишканалар өз өнөктөштөрү, кардарларү, кызматкерлери же карызкорлору менен болгон талаш-тартыштарды да мыйзамдуу түрдө медиация аркылуу чечсе болот.

Медиация салттуу соттук териштирүүлөргө караганда чоң артыкчылыктарга ээ. Төмөндө медиациянын эң негизги 7 артыкчылыгы келтирилген.

№1. Убакыт үнөмдөлөт. Медиация, адатта, күндөргө же жумаларга, ал эми өтө оор учурларда, балким, айларга созулат. Ошол эле учурда, соттук териштирүүлөр адатта айларга же жылдарга созулат. Королгон убакыт тараптардын маселени чечүүгө даярдыгына жараша болот.

№2. Акча үнөмдөлөт. Медиация кадимки соттук териштирүүдөн алда канча арзан. Медиаторду жалдоо адвокат жалдоодон алда канча арзан. Анын үстүнө доомат коюу үчүн мамлекеттик алым деген түшүнүк жок. Мындан тышкары, бул жерде сот залына келүүнүн кажети жок – сиз каалаган жерде медиация өткөрө аласыз.

№3. Купуялуулук сакталат. Жалпыга ачык болгон соттук иштерден айырмаланып медиация процесси жашыруун өтөт. Мисалы, соттун чечимдери сот тутумунун атайын сайтында жарыяланат, ал эми медиацияда андай эч нерсе жарыяланбайт. Медиатор сырды сактоого милдеттүү, аны күбө катары сотко да чакырууга болбойт. Өз атыңызды жана аброюңузду сактоого мүмкүндүк берип жатса, демек бул медиаторго кайрылуунун эң сонун себеби.

№4. Мамиле сакталат. Медиациянын этибарга алынбаган артыкчылыктарынын бири – бул соттук териштирүүлөрдө бузула турган жеке жана ишкердик мамилелерди сактоого жардам берүү. Бул атаандаштык эмес, катышуу процесси болгондуктан жана медиация табиятынан утуп-жоготуу процесси болбогондуктан, мамилени чындап сактоого жол түзөт.

№5. Процессти көзөмөлдөө жеңил. Эгерде сиз сотко кайрылып жатсаңыз, анда процесстин качан жана саат канчада өтүшүн көзөмөлдөй албайсыз. Сотто сиз эмнени сүйлөй алаарыңызды эана кандай эрежелер болоорун көзөмөлдөй албайсыз. Ал эми медиация учурунда процессти өзүңүз жетектейсиз: качан, кайсы убакта, кайда, кантип жүргүзүү керек – баарын өзүңүз чечесиз.

№6. Эки тарап тең утат. Сотто дайыма бир тарап утулат, экинчиси жеңет. Бирок медиацияда баары башкача - бул жерде баары жеңет. Кандайча? Медиацияда күнөөнү моюнга алуу же утулган тарап деген түшүнүк жок, анткени эч ким утулбайт. Акыркы чечим эки тарап тең макул болгондо гана кабыл алынат. Ошентип, эч ким утулбайт, бирок компромисске барат.

№7. Чечим аткарылат. Чечим ар тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен тараптар тарабынан кабыл алынгандыктан, ар ким өз милдеттенмелерин аткарууга даяр. Анын үстүнө медиация келишими юридикалык күчкө ээ. Ал тургай, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү же сотто ынтымак келишиминин негизинде бекитилиши мүмкүн. Ошентип, медиациянын негизинде чыгарылган чечимди, адатта, судья алар үчүн чечим чыгарганга караганда, тараптар жакшы аткарышат.

Нейтралдуу медиатор менен талаштарды чечүү процесси жөнөкөй. Талашка катышкан тараптар ортомчуну бирге тандайт. Андан кийин медиатор тараптардын ар бири менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, көйгөйдү гана эмес, тигил же бул тараптын эмнени каалап, эмнеге таянарын да тактайт. Талашты чечүүнүн варианттары аныкталат. Талаш боюнча чечимди катышуучулар өздөрү бир добуштан кабыл алышат. Эгерде бир добуштан чечим кабыл алынбаса, анда же медиация уланат, же кайсы бир тараптын талабы боюнча токтойт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда "Медиация жөнүндө" мыйзам 2018-жылдын февралында күчүнө кирген. Андан бери жүздөгөн адистер окутулуп, Республикалык медиаторлордун коомдоштугунан медиаторлор сертификаттарын алышты. Бул ишаракеттерге USAID-IDLOнун "Ишенимдүү сот" программасы көмөк көрсөткөн. Тараптар өздөрүнө ылайыктуу медиаторду Республикалык медиаторлордун коомдоштугунун реестринен таба алат – http://mediator.kg/mediators/. Ал жерде үй-бүлөлүк, коммерциялык же калыбына келтирүү медиациясына адистешкен 200дөн ашуун медиаторлордун ысымдары жана байланыш маалыматтары көрсөтүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД