Франция, Германия Кабулда "коопсуздук зонасын" түзүүнү сунуштоодо

Франция, Улуу Британия жана Германия гуманитардык операциялар үчүн, анын ичинде Ооганстандан чыгып кетүүнү каалаган адамдарды эвакуациялоо үчүн Кабул аэропортунда коопсуздук зонасын түзүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон билдирди.

"Тизмеде биз коргой турган дагы бир нече миң ооганстандык калууда. Аларга талибдер тараптан коркунуч жаралышы мүмкүн. Коопсуздук зонасын түзүү эл аралык коомчулуктун талибдерге басымын сактап калууга мүмкүндүк бермек", - деди Макрон.

Бул маселе боюнча резолюция долбоору БУУнун Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынында каралат деп күтүлүүдө.

Франциянын президенти Кабулдан адамдарды эвакуациялоо үчүн "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү зарыл экенин айтып, бирок бул аларды Ооганстандын расмий бийлик өкүлдөрү деп таанууну түшүндүрбөй турганын белгиледи.

Талибдер буга чейин Кабул аэропортунда коопсуздук зонасын түзүү тууралуу Франциянын сунушун четке каккан. Кыймылдын өкүлү Сохаил Шахин буга зарылдык жок экенин билдирген. "31-августтан кийин деле өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган бардык ооганстандыктар чек арадан өтө алышат. Бул үчүн аларда тиешелүү документтери, паспорту жана визасы болушу керек. Бизде эч кандай кара тизме жок", - деген ал France Inter радиосунун эфиринде.

19-августта Reuters агенттиги БУУ үчүн даярдалган эксперттик баяндамага шилтеме кылып, талибдер АКШга жана анын союздаштарына жардам берген адамдардын кара тизмесин түзүп жатканын кабарлаган.

Талибдер Кабулга 15-августта кирип барып, бүткүл Ооганстан алардын көзөмөлүнө өткөнүн билдирген. Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен. Кабул аэропортунда чет өлкөлүк миссияларга жардам берген жана алар менен кызматташкан адамдарды жапырт эвакуациялоо иштери башталган. Алар талибдердин куугунтугуна кабылуудан кооптонуп жатышат.

31-августка карата америкалык аскерлер Ооганстандан толук чыгып кетет деп күтүлүүдө. АКШнын союздаштарынын көбү, анын ичинде Улуу Британия, Германия жана Франция Ооганстандагы өз жарандарын эвакуациялоону аякташты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД