Өзбекстанда сояны пахта менен чогуу өстүргөн фермерлер чыгым тартууда

Өзбекстанда акыркы үч жылдан бери пахта солдорунун арасына соя өстүрүү тажрыйбасы колго алынууда.

Өткөн жылы бул эксперимент Анжиян облусунда колдонулган. Бул жолу коңшулаш Фергана облусунун Ташлак районунун дыйкандары да ушул ыкмага өтүштү.

Дыйкандар пахта арасында соя өстүрүү өтө оор экенин, буга байланыштуу түшүм аз болуп калганын белгилешүүдө.

Фермерлер район акими президенттин сояны өстүрүү боюнча планын аткаруу үчүн аны Бухарадагы фирмалардын биринен сатып алууга мажбурлап жатканын билдиришти.

Ташлак районундагы фермерлердин биринин айтымында, дээрлик бардык фермерлер соя өстүрүү боюнча планды ишке ашыра албай калганын белгилешти. Арасында 40 миллион сум (4 миң доллар) чыгаша тарткандар да бар.

Дыйкандар соя жакшы өсүмдүк экенин, бирок аны пахта менен кошпой өзүнчө өстүрүү керектигин айтышууда.

2018-жылы февралда Өзбекстан өкмөтү соя өстүрүүнү көбөйтүү пландары жөнүндө токтом чыгарган. Бирок документте аны пахта менен чогуу өстүрүү жөнүндө айтылган эмес.

Токтом кабыл алынгандан бир ай өткөндөн кийин президент Шавкат Мирзиёев Соя өстүрүү ассоциациясын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Президент соя майынын ден соолукка пайдасын белгилеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД