Айдоочунун өлүмү. Инспекторлор УКМКнын абагына киргизилди

Бишкекте айдоочунун өлүмүнө шектелип кармалган Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкери А.Ч. аттуу жаранды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Бишкек ШИИБинин Патрулдук милиция бөлүмүнүн полкунун рота командиринин орун басары А.Н., полктун 2-ротасынын 3-взводунун кенже инспекторлору Б.Э. жана Б.А. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кармалгандар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө жана ошондой эле аларга карата 19-сентябрына чейинки мөөнөткө УКМК тергөө камак жайына кармоо менен эркиндигинен ажыратуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД