Бишкекте КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концерти өттү

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгана карата КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концерти өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 30- августта, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концертинин салтанатту ачылышы өттү

Концерт Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчсы Ч. Абыкеев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Россия Федерациясынын Президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкойдун катышуусу менен ачылды.

Концертте дүйнөлүк классикалык чыгармалар менен бирге ата мекендик алдыңкы чыгармалар тартууланып,

башкы дирижерлукту Россия Федерациясынын эл артисти Сергей Скрипка алып барды.

Аталган концерт шериктештикте маданият аралык диалогду өнүктүрүүгө, КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жаштарынын профессионалдык жана жеке пикир алышуусун өнүктүрүүгө багытталган. Эске алсак, концерт Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана КМШга мүчө мамлекеттердин мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фонду менен уюштурулган.

Концерт эртең 31-август күнү уланып, саат 17:00 башталат.

Бардык жарандар үчүн кирүү акысыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД