Бишкекте кыргыз-казак акындарынын айтышы өтүүдө

Бишкекте кыргыз-казак акындарынын айтышы өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки элдин өнөр адамдарынын ортосундагы "Айтыш" сынагы 30-августта башталган. Ал Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, кыргыздын төкмө акыны Өтө Көкө уулунун (Жеңижок) 160 жылдыгына жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган.

Ачылыш аземине КР президентинин аппаратынын администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, КР маданият министри Кайрат Иманалиев, коомдук-маданий ишмерлер жана кеңири коомчулук катышты.

Айтышка кыргыз- казак тараптан 8ден акын ат салышып, бүгүн, 31-августта жыйынтыкталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД