Улукбек Марипов: Эгемендүүлүк – элибиздин башкы байлыгы

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Ош шаарында өткөн салтанаттуу иш-чарага катышты.

Улукбек Марипов өз сөзүндө мекендештерди Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, 30 жыл аралыгында өлкөдө чоң жетишкендиктер да, сыноо мезгилдери да болгонун белгиледи.

"Элибиздин бай тарыхынын, ийкемдүүлүгүнүн жана акылмандыгынын аркасында биз көптөгөн сыноолорду жеңе алдык. Биргелешип, жалпы аракеттер менен биз бардык кыйынчылыктарды жеңе алабыз деп ишенем. Өлкөнүн элинин көптөгөн муундарынын талыкпаган эмгегинин натыйжасында Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө – тарыхын, маданиятын жана өзгөчөлүгүн сактап калган эгемендүү мамлекет", – деп айтты өзүнүн кайрылуусунда Министрлер Кабинетинин башчысы.

Ал кошумчалагандай, республика прогрессивдүү өнүгүү жолунда турат.

"Биздин өлкөнүн келечеги кең, бул үчүн бардык өбөлгөлөр бар. Бул биздин эркиндикти сүйгөн жана эмгекчил элибиз, бул улуу тарых жана, албетте, биздин жаштык. Өлкөдө ыңгайлуу жашоо үчүн шарттарды түзүү жана өнүктүрүү үчүн адамдык жана экономикалык ресурстар жетиштүү. Биз Кыргыз Республикасы экономикалык жактан өнүккөн мамлекеттердин бирине айланышы үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз. Биз үчүн канчалык оор болбосун, баарыбыз башкы байлыгыбыз – өлкөнүн эгемендүүлүгүн сактоо үчүн аракет кылышыбыз керек", – деп белгиледи Улукбек Марипов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД