Бишкекте эгемендиктин 30 жылдыгына арналган иш-чарадан сүрөт баян

Бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын коргоо министри жана параддын командири Таалайбек Өмүралиевдин параддык эсеп менен саламдашуусу жана куттуктоосу менен башталды.

Рапорт кабыл алынган соң Кыргыз Республикасынын Президенти, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров көз карандысыздык мааракесине карата куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнүн урматына "Ала-Тоо" аянтында Коргоо министрлигинин, УКМК чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын, Абада коргонуу күчтөрүнүн, ӨКМ аскерлеринин, Ички иштер министрлиги жана ИИМ Академиясынын өздүк курамынын катышуусунда аскер парады өттү.

Парадда жалпысынан 2 миңден ашуун адам катышты.

Андан соң, зооттуу танкалык техника, артиллериялык курал, атайын багыттагы бөлүктөрдүн ошондой эле, эмгекчилдердин салтанаттуу жүрүшү орун алды.

Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгынын урматына замбиректерден ок атылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД