Борбор калаанын экс-мэри Азиз Суракматов Бишкекте УКМКдагы сурактан кийин кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактар билдиришти.
Алардын маалыматы боюнча, Суракматовко мыйзамсыз баюу иши боюнча кылмыш иши козголду.
- Азырынча Бишкектин экс-мэри УКМКнын абагына 48 саатка жөнөтүлдү. Сот аны камакка алуу боюнча чечим чыгара элек, деп түшүндүрүштү маалымат булактары.
Буга чейин Бишкектин экс-мэри күбө катары УКМКга суракка чакырылган. Бирок кийинчерээк ал кармалган.