Оогандан Тажикстанга качкан аскер учкучтары Канададан башпаанек сурады

Тажикстанга качып барган Ооганстан Аскердик аба күчтөрүнүн согуштук учагынын командири жана 12 учкуч Канададан башпаанек сурады.

avweb.com маалымат порталы кабарлагандай, аскер учкучтары "Талибан" кыймылы Кабулду басып алганга чейин курал-жарак, ракеталар менен Cessna 208 учагына отуруп, коңшулаш Тажикстанга учуп келишкен.

Аскер кызматкерлери Канада элчилигине кайрылып, өздөрү жана үй-бүлөлөрү үчүн башкалка сурашты. Аскер учкучтарынын бири америкалык CBC News телеканалына маек куруп жатып, талибдердин өч алуусунан коркуп жатканын билдирди.

"Мен аларды (талибдерди – ред.) өлтүргөм, мен алардын позицияларына ракета менен сокку ургам, аткам. Алар мени өлтүрүп коет го деп ойлом".

Тажикстанга качып барган учкучтардын көбү АКШда окуп келишкен.

Бүгүнкү күндө Ооганстандык миңдей качкын Тажикстандын Куляб шаарындагы эл аралык аэропортко жакын жерде тигилген чатырларда турушат жана үчүнчү өлкөгө кетүүнү күтүшүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД