Пара талап кылуу фактысы боюнча кайгуул кызматкери кармалды

Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын ШИИБ патрулдук милиция кызматы башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен бирдикте, 64 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын патрулдук милиция кызматы башкармалыгынын кызматкери "А.А.К." кармалды.

Такталган маалымат боюнча, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын кызматкери "А.А.К." таанышы менен жең учунан сүйлөшүп алып, зордуктоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча коркутуп, Бишкек шаарынын тургуну "С.К.Б." 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Бирок, укук коргоо органдары борбордун бул тургунуна карата зордуктоо же башка укук бузуу фактыларын каттаган эмес.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган Бишкек шаарынын ШИИБ Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын кызматкери "А.А.К." тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларын андан ары жүргүзүү үчүн УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД