Кыргызстандын Азербайжандагы элчи кызматы 4-жылдан бери бош турган

Кыргызстандын тышкы иштер министри маалыматына ылайык ушул жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжан Республикасынын тышкы иштер министри Джейхун Байрамов менен жолугушту.

Азербайжандын тышкы иштер министри Кыргызстандын элчисин Азербайжандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады жана эки тараптуу мамилелер сапаттык жаңы баскычка чыга тургандыгына ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жогорку деңгээлдеги сапарлар менен алмашуу пландарын, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду, "Бишкек-Баку" түз аба каттамын калыбына келтирүүнү, өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүүнү, аймактар аралык байланыштарды кеңейтүүнү жана Баку шаарында Чыңгыз Айтматовдун ысымын түбөлүккө калтыруу ж.б. маселелерди талкуулашты.

Элчи Кайрат Осмоналиев министр Джейхун Байрамовдун Кыргызстанга жооп иретиндеги расмий иш-сапарын даярдоону талкуулады жана мамлекет башчыларынын деңгээлинде стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жана "Борбордук Азия - Түштүк Кавказ" аймактар аралык платформасын түзүү боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча практикалык чараларды сунуштады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД