БШК ЖКнын депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемаларын бекитти

КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 5-сентябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

1. Саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмелери боюнча Жогорку Кеңештин 54 депутатын пропорционалдык тутум боюнча шайлоо өткөрүү үчүн КРнын бүткүл аймагы бирдиктүү шайлоо округу болуп саналат. Мында Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округуна катталган болуп эсептелет.

2. Жогорку Кеңештин 36 депутатын мажоритардык тутум боюнча шайлоо өткөрүү үчүн бир мандаттуу шайлоо округдары түзүлөт.

Бир мандаттуу шайлоо округдарын аныктоо маселесин ар тараптуу талкуулоо үчүн бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү маселелери боюнча Ведомстволор аралык жумушчу тобу түзүлгөн. Талкууларга облустардагы жана райондордогу мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Мыйзамдарга ылайык шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:

- шайлоо округдарынын шайлоочулардын саны боюнча болжолдуу теңдиги, мында шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 20 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет;

- шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, шайлоо округун өз ара чектешпеген аймактардан түзүүгө жол берилбейт.

- ушул көрсөтүлгөн талаптарды сактоодо, эреже катары, республиканын администрациялык-аймактык бөлүнүшү эске алынат.

Бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү үчүн БШК мыйзам талаптарына ылайык калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген маалыматтарга негизденди.

Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин (СӨМ) 2021-жылдын 4-сентябрына карата маалыматтарына ылайык шайлоочулардын саны жалпысынан 3 686 921 адамды түзөт, КР ТИМдин чет өлкөлөрдөгү шайлоочулар тууралуу КР ТИМдин маалыматтарын эсепке албагандагы сан – 3 617 141 адам. Ар бир округ 100 миң 476 шайлоочу +/- 20% болжолдуу саны менен түзүлөт.

Бир мандаттуу шайлоо округдарынын катар номуру расмий тилдеги алфавит тартибинде жүргүзүлөт: адегенде Баткен облусу, андан кийин – Ош облусу, Жалал-Абад облусу, Талас облусу, Чүй облусу, Бишкек шаары, Нарын облусу, Ысык-Көл облусу.

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 15-бөлүгүнө ылайык шайлоо округдарынын тизмелери, алардын чектери жана округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын даректери көрсөтүлүү менен, алардын графикалык сүрөттөлүшүн кошуп алганда, округдар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде б.а. 2021-жылдын 10-сентябрына чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрына чейин (кошуп алганда) аяктайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД