Вице-мэр Мозгачева мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерүүдө

Борбор шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева Ленин районунун билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыктарын көрүп чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал райондогу 30 мектепте болуп, жаңы окуу жылына канчалык даяр экенин текшерди. Бардык мектептерде иш толугу менен аяктап, мекемелер мектеп окуучуларын кабыл алууга даяр.

Учурда мектептердин айланасын тазалоо жана жол белгилерин жаңыртуу иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД