Президент жогорку аскердик наамдарын ыйгаруу жөнүндө Жарлыктарга кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык жогорку аскердик наамдарын ыйгаруу жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жарлыктарга ылайык:

- Иманкулов Марат Мукановичке генерал-лейтенант наамы берилди;

- Өмүралиев Таалайбек Барыктабасовичке - генерал-лейтенант наамы берилди;

- Бекболотов Бакытбек Асанкалиевичке - генерал-майор наамы берилди;

- Шаршеев Уларбек Зарлыковичке - генерал-майор наамы берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД