Талант Мамытов: Кандай гана кырдаал болбосун, парламент өз милдетин аткарды

Былтыркы тополоңдо парламент жоопкерчиликти өзүнө алып, өлкөдө тынчтыкты жана стабилдүүлүктү орнотууда негизги ролду ойноду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов "Парламентаризм сабактары" берүүсүндө маек берип жатып билдирди.

"Тагдырдын буйругу экен, мени ошол кыйын кезеңде төрагалык кызматка шайлашты. Аны менен катар президент Садыр Жапаров президенттик шайлоого кеткендигине байланыштуу, Президенттин милдетин убактылуу аткарып турдум. Кандай маселе болбосун эл аралык уюмдар менен жолугушуп, башка өлкөлөрдүн президенттери менен пикир алмашып турдук. Алар да кошо колдоо көрсөтүп жатышты. Парламенттин аракети, салымы менен өлкөбүздө стабилдүүлүк орноду. Парламент - бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактап турган орган. Ал мындан кийин да өзүнүн функциясын жогорку деңгээлде аткарат деген ишеничтемин", - деди Мамытов.

Талант Мамытовдун пикири боюнча, парламент, министрлер кабинети, президент бирдиктүү иш алып барган учурда ийгилик жаралат. "Мисалы, "Кумтөр" маселесин алсак, Президент, парламент бирдиктүү позицияда болгондуктан, кенде текшерүүлөр жүргүзүлүп, элдин кызыкчылыгына иштеген аракеттер жасалып, каражаттар түшүп жатат. Биз мыйзамдын алкагында эрктүү чечимдерге бара алдык", - деди Мамытов.

Экономиканы өнүктүрүү маселесине токтолуп, төрага ички резервдерди пайдалануунун зарылдыгын белгиледи. "Бүгүнкү күндө биз насыяларды албай, өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, экономикабызды өнүктүрүшүбүз керек", -деп жыйынтыктады төрага.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД