Түштүк Кореяда "Спутник V" вакцинасын чыгаруу мөөнөтү аныкталды

Түштүк Кореяда "Спутник V" вакцинасын чыгаруу мөөнөтү аныкталды

Түштүк Корея Орусиянын "Спутник V" вакцинасын чыгара баштайт. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Басылмалардын маалыматына ылайык, аталган өлкө вакциананы күзүндө чыгара баштайт.

"Кореяда Орусиянын Түз инвестициялар фонду менен келишим түзгөн жети ишканадан турган консорциум түзүлгөн. Ага ылайык, ушул жылдын күзүндө Орусиянын вакцинасын чыгаруу башталат", - деп жазылат маалыматта.

Орусия 11-августта коронавируска каршы вакцинаны дүйнө жүзүндө биринчилерден болуп каттоодон өткөргөн. Ага "Спутник V" деген аталышы берилген. Препарат Н.Ф.Гамалеи атындагы Улуттук эпидемиологиялык жана микробиология изилдөө борборунда иштелип чыккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД