Садыр Жапаров уулунун саясатка кийлигишүүсү боюнча Бекешевге жооп берди

Президенттин администрациясы Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин президент Садыр Жапаровдун уулу Рустамдын саясий платформа курууга аракет кылып жатканы жана Бишкектеги түрдүү кафелерде талапкерлер менен жолугушууларды өткөрүп жатат деген билдирүүсүнө жооп узатты.

"Президент Садыр Жапаровдун туугандарынын саясий процесстерге аралашуусу тууралуу позициясы өзгөрүүсүз", - деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекет башчысы буга чейин жакын туугандарынын бирине да саясий процесстерге кийлигишүүсүнө, ошондой эле мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлешине жол бербей турганын бир нече жолу белгилеген.

Эске сала кетсек, буга чейин депутат Дастан Бекешев президенттин уулунун аракеттерине тынчсызданган. Ал президенттин уулу саясатка кийлигишпеши керек экенин билдирген. Ошондой эле, мисал катарында мурунку президенттин уулдарын келтирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД