12 миң долларды алып, алдап качып кеткен жаран кармалды

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-январда шаар тургуну милицияга кайрылып, бир аял Өзбекстандан стерилдүү кол каптын партиясын алып келүүнү убада кылганын айткан. Шектүү 12 миң долларды алып, изин суутуп кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси "Алдамчылык" боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан 32 жаштагы М.А. аттуу жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө. Ал эми сот шектүү аялдын баш коргоо чарасын карап чыгып, үй камагына чыгарган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД