Калкты көмүр менен камсыздоо 15-сентябрдан башталат

Калкты көмүр менен камсыздоо 2021-жылдын 15-сентябрынан башталат. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ЖЭБке көмүр быйылкы жылдын эсебинен шериктеш ишканалар менен биргеликте июль айынан баштап коюлган графиктин негизинде көмүр тынымсыз киргизилип жатат. Бүгүнкү күндө 120 миң тонна көмүр киргизилди.

Республика боюнча 758 көмүр кампасы ачылды. Жеринен чыккан Кара-Кече көмүрүнүн баасы мурдагы жылдардай эле 1330 сомду түзөт. Сатыкка коюлган баа саясатын КРнын монополияга каршы мамлекеттик агенттиги жүргүзөт.

Кыргызстан боюнча жалпысынан (ЖЭБке, калкка, бюджеттик мекемелерге)- 3 000 000 ашык тонна көмүр керектелет, анын ичинен:

- бюждеттик мекемелерге - 242,333 миң тонн;

- калкка - 1 миллион 125 миң тонна;

- ЖЭБке – 1 миллион 650 миң тонна анын ичинен:

- "Кабак" бассейининен - 950 миң тонна;

- Таш-Көмүр кенинен - 50 миң тонна;

- Казакстандан - 650 миң тонна көмүр келет.

Республика боюнча көмүр казган 70тен ашык компания бар. Туруктуу иш алып барган компаниянын саны 41ге чукул.

Оперативдик маалыматтарга таянсак акыркы 8 айдын ичинде Республика боюнча 1 337 346 тонна көмүр өндүрүлдү.

- түндүк региону боюнча - 452 265 миң тонна;

- түштүк региону боюнча - 885 079 миң тонна;

Эске сала кетсек, күйүүчү майдын турукту болбогонуна байланыштуу, аба-ырайынын жаан-чачын болушунан жана башка себептер менен Кара-Кече кесиминде тоо-кен иштери артта калып, ошол себептүү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кошумча күч тартылып, көмүр тазалоо иштерин күчөтүү максатында атайын оор жүктөгү техникалар бөлүнүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД