Кечээ, 7-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Бангладеш-Кыргызстан беттешинде шаар тургуну сүйлөшкөн кызынын колун сурады.
Анда жаш жигит трибунанын чыгыш тарабында "Жибек мага турмушка чыгасыңбы?" деген чоң жазуусу бар плакатты жайган. Оюнга келген көрүүчүлөр "Жибек" - деп кыйкырып жатышты.
Жибек жигиттин сунушуна макул болду. Күйөрмандар жана социалдык тармактын колдонуучулары шаар тургунунун романтикалык аракетине суктанышты. Белгилүү болгондой, кыздын колун сураган жигиттин аты-жөнү Азамат Кылычев. Ал фотограф, фото жана видео студиялардын, жарнак агенттигинин негиздөөчүсү.
Мындай көрүнүш футболдук беттештин биринчи таймы аяктаганда болгон.
https://youtu.be/sN5kWSakYsk