Түркиядан Кыргызстанга 150 миң доза вакцина берилет

7 -сентябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Догандын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты, кыргыз-түрк достугунун мамлекеттик ооруканасын башкаруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Жолугушуу учурунда Түркия Республикасынын элчиси Ахмет Садык Доган мырза Түркия гранттык негизде Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы 150 миң доза вакцина берерин айтып кетти.

"Түрк өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө, ошондой эле биздин жарандарга медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу үчүн материалдык-техникалык базаны чыңдоодо чоң колдоо көрсөтүүдө. Эң заманбап жабдуулар менен жабдылган Кыргыз-Түрк достугунун мамлекеттик ооруканасы иштей баштады. Ушунун аркасында көптөгөн жарандарыбыз чет өлкөгө чыкпай дарыланууга мүмкүнчүлүк алышат деп үмүттөнөбүз, -деди саламаттыкты сактоо министри.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД