Кыргызстанда коронавирустун 97 жаңы учуру катталып, 4 бейтап каза тапты

Бүгүн, 8-сентябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 97 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 47, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 22, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусу – 4 адамдан илдет табылган. Ал эми бир суткада 161 адам илдеттен сакайып чыккан. Сутка ичинде бул илдеттен 4 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 721 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 134 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 779 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 911 киши айыгып чыкса, 2 миң 561 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД