Аба ырайы: айрым аймактарда жамгыр жаайт

27-майда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтөт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 30...35,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 29...34,

Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 28...33,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28,

Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 8...13 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн 17...19, күндүз 32…34°, өткүн өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД