Бишкекте 9 кабаттуу үйдүн атактуу сүрөтү сырдалды

Шаардагы алгачкы профессионалдуу граффиттердин бири Бишкекте сырдалган. Сүрөт Шопоков менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 9 кабаттуу үйдүн дубалын кооздогон. Анда колунда суу куюлуучу идиш менен тепкичтен өйдө көтөрүлүп бара жаткан бала сүрөттөлгөн.

Бул сүрөт 2014 -жылы DOXA арт тобунун сүрөтчүлөрү Сергей Келлер менен Дмитрий Петровский тарабынан тартылган.

Социалдык тармактарда шаардыктар сүрөттүн өчүрүлүшүнө нааразы экенин билдиришүүдө. Алар граффити борборду кооздочу деп айтышат, ошону менен бирге экологияны колдоо билдирет эле. Бул Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн боло турган шайлоонун жарнак мейкиндигин бошотуу үчүн жасалган деген божомол бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД