ЖАМК: Алмазбек Атамбаев 2020-жылы жайында коронавирус менен ооруган

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылдын 30-июнунан 9-июлга чейин коронавирус илдети менен ооруган. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматында белгиленгендей, андан кийин ал УКМКнын тергөө абагына камалган.

Буга чейин адвокат Сергей Слесарев Атамбаевдин абалы коронавирустан кийин начарлап кеткенин айткан. Ал экс -президентти камактан бошотууну талап кыларын жарыялады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД