Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү Бишкекте Ала-Тоо аянтында белгиленет

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева атасынын 65 жылдык мааракесин "Көркөм протест" менен белгилөөнү көздөп жатат. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, иш-чара 17-сентябрда борбордук "Ала-Тоо" аянтында өтөт.

Мурдагы мамлекет башчынын туулган күнүн чоң масштабда өткөрүү пландалууда. Конокторго сүрөттөрдүн көргөзмөсү, жандуу музыка, фуршет столу жана башкалар убада кылынат.

"Мен бул маалыматты жайдын башынан бери жашыруун сактап келдим. Акыры баарын айтып бере алганыма кандай гана кубанычтамын. Баардыгы ой менен башталды. Жашоомдун кээ бир жагдайларын сүрөт менен тарткым келди. Козголоңдун жарылышы шыктандырууга жол берди, бир сүрөттөн кийинки сүрөт пайда болду. "Согуш азыраак, искусство көбүрөөк!" - деп жазган Шагиева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД