Жээнчороев: "Телефон тыңшоого макулдук берген судья иштен алынышы керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "телефон сүйлөшүүлөрдү атайын кызмат тыңшап жатат" деген маселе боюнча маалымат угууну сунуш кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 6-январдан бери үч депутат менен активисттин телефону тыңшалганы өткөн аптада белгилүү болгон.

"Депутаттардын кол тийбестиги бар. Бирок буга карабай, сот тыңшоого уруксат берип жатат. Эмнеге кол тийбестикке карабай уруксат беришет? Мен билем, көптөгөн саясатчылардын телефондору тыңшалат, бирок мыйзамдар аткарылышы керек. Бул Конституцияны бузууга жатат", - деди Бекешев.

Ал бүгүнкү жыйынга Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрүн чакырууну сунуштады.

Ал эми депутат Мирлан Жээнчороев кесиптешин колдоп чыкты. Ал дисциплинардык комиссияга кат жөнөтүүнү сунуштады.

"Судья Чыңгыз Бердимуратов бир нече мыйзамдарды бузду. Ал кызматтан алынышы керек. Депутаттардын кол тийбестиги бар. Алар парламент уруксат бергенден кийин гана жоопко тартылышы мүмкүн. Андан кийин тергөө чаралары көрүлөт", - деди депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД