Мирлан Жакыпов "Кыргызкөмүр" ишканасына жаңы директор болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аны жамаатка КРнын энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев тааныштырды.
Мирлан Жакыпов 2014-жылы ушул эле ишкананын директору болуп иштеген. Ал 51 жашта, 4 баланын атасы.
2020 -жылы Мирлан Жакыпов "Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон, ал тизмеде 46-орунда турган.
Эске сала кетсек, Мирлан Жакыпов бир ай мурун дайындалган Марат Турдубаевдин ордуна келди.