3 жаран "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартышты

Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Сузак районунун 3 тургуну "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартышты. Алар буга чейинки кадамдары туура эмес экендиктерин айтышып, мындан ары мыйзамдуулукту сактоого сөз беришти.

ЭММКАК багытында 545 адам каттоодо турат. Алардын ичинен 485 адам "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары каттоого алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД