Түрк актрисасына суктанган эл өкүлдөрү

"Даңазалуу доор" түрк сериалында Хюррем султандын образын жараткан актриса Мерьем Узерли Бишкектен өз өлкөсүнө учуп кетти. Ал алгач Бишкекте маалымат жыйын берип, андан кийин ​этно-ресторандардын биринде сыйлуу конок болду.

Мерьем Узерлинин кыргыз күйөрмандары аябай көп экенин социалдык тармактарга жүктөлгөн сүрөттөрдөн жана билдирүүлөрдөн байкасак болот. Анын күйөрмандары эң алгач эле сулуулугуна суктанышты. Шоу-бизнес өкүлдөрү, бизнес тармагындагылар жана депутаттар дагы аны менен түшкөн сүрөтүн өздүк баракчаларына байма-бай жүктөп жатышты.

Эске салсак, белгилүү кино актриса Мерьем Узерли Кыргыз өлкөсүнө Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча жаӊы эл аралык долбоорду презентациялоо үчүн келген.

Asian World Film Festival - коомдук ишмер, Кыргызстандын кинематографисттер бирикмесинин төрагасы Садык Шер-Нияз тарабынан АКШнын Лос-Анджелес шаарында негизделген эл аралык кинофестиваль.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД