ЖКнын депутаттары Абдывахап Нурбаев менен Жанарбек Акаев "Мугалимдердин статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүштү. Документ Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлган.
Анда республикалык же эл аралык олимпиаданын жеңүүчүсүн даярдаган мугалимдер үч айлык эмгек акы түрүндө стимул алары айтылат.
Мындан тышкары, жалпы билим берүүчү мектепте кеминде 10 жыл иштеген мугалимге 1 миллион сом (10 миң эсептик көрсөткүч)
сый акы төлөө сунушталууда.