Актан Исабаевдин көптөн күткөн чыгармачылык кечеси болуп өтөт

Делебени козгогон сүйүктүү аткаруучулар. Эң популярдуу хиттер. Эч күтүлбөгөн чечимдер.

Коноктор: Ырыскелди Осмонкулов, "Элес", Мирбек Атабеков, Нурсултан Азыкбаев, Артур Токтоналиев, Иззи, Бек Исраилов.

Актан Исабаевдин бир катар концерттери 2021-жылы тартууланат. Күзүндө боло турган чоң юбилейлик концерт "Саманчынын жолу" аттуу клубдук концерттер менен жарыяланганы турат.

Быйыл Актан Исабаевдин чыгармачылыктагы өмүр жолуна 25 жыл толду!

Автордун ырлары Кыргызстанда эле эмес чет өлкөлөрдө дагы кеңири белгилүү. Өзүнүн өзгөчө стилине жана сапаттуу аткаруусу менен Актан Исабаев угармандарынын жүрөгүнөн түнөк таап, көптөгөн жаңы күйөрмандарды топтой алды. Анын "Энекем", "Сагыныч", "Күз", "Сүйүзар" чыгармалары популярдуу болуп, "Ыр майрам" композициясы Ысык-Көлдүн гимни катары калктын калың катмарына сиңе алды.

Актандын чыгармачылык жолу "Элес" тобу менен тыгыз байланышта. 90-жылдардан баштап, топ аткарган композициялар Кыргызстан, Казакстан жана КМШ чарттарында алдыңкы орундарды ээлеп, популярдуулугу боюнча алар эң таанымал болуп келет.

Көптөн күткөн Актан Исабаевдин "Саманчынын жолу" чыгармачылык кечеси 20-майда "Асанбай борборунда" өтөт. Баарынын сүйүктүү ырлары, сюрприздери аткарылып, эң башкысы үйүңүздөгүдөй жайлуулук күтөт. Коноктор - "Элес", Ырыскелди Осмонкулов, Мирбек Атабеков, Бек Исраилов, Нурсултан Азыкбаев, Артур Токтоналиев, Иззи.

Келип жарпыңызды жазып кетиңиз!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД