Парламенттик шайлоого мамлекеттик бюджеттен болжол менен 602 миллион сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бул акыркы цифра эмес, ал өзгөрүшү мүмкүн.
"Биз шайлоонун болжолдуу сметалык суммасын түзүп жатабыз. Анда 602 миллион сом акча каражат кетери күтүлүүдө. Бул цифра өзгөрүшү ыктымал" – деп билдирди БШКнын төрайымы.
Эске салсак, өлкөдө шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Ал эми үгүт иштери 29-октябрдан 28-ноябрга чейин жүргүзүлөт.