УКМК: Чүйдө майнинг-фермалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

УКМК энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларга бөгөт коюу боюнча ишинин жүрүшүндө майнинг-фермалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн аныктап, бөгөт койду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында КРнын жарандары "М.Д.О." жана "A.Н.Р." "Түндүк электр"ААКнын айрым кызматкерлеринин жардамы менен "Түндүк электр" ААКнын электр тармактарына мыйзамсыз кошулуп, ири өлчөмдөгү электр энергиясын уурдоо менен майнинг-фермалар аркылуу криптовалюта алуу боюнча мыйзамсыз иштерди уюштурушканы аныкталган.

2021-жылдын 7-сентябрында жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун (Сокулук району, Ново-Павловка айылы) аймагында 2021-жылдын башынан баштап мыйзамсыз иштеп жаткан 500 даана майнинг аппарат аныкталган.

"Түндүк электр" ААКнын алдын ала маалыматы боюнча, бул майнинг-фермалардын электр энергиясын уурдоодон келтирген зыянынын суммасы 20 миллион сомго жакын.

2021-жылдын 4-сентябрында да "Бишкек" ЭЭАнын аймагында 200 даана майнинг аппараты бар контейнер табылган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле мыйзамсыз майнинг ишмердүүлүгүн уюштуруучуларды жоопко тартуу жана "Түндүк электр" ААКнын кызматкерлеринин электр энергиясын уурдоого катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД