Рэп ырчысы Тата Улан президент Садыр Жапаровдон белек алды

Рэп ырчысы Тата Улан президент Садыр Жапаровдон белек алды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазып, сүрөтү менен бөлүштү.

"Атамбаевди сындасам 10 жылдык сүргүнгө сүрдү эле, Садыр Жапаров чын эле айкөл адам экен, сындасам саат белекке берди. Эми ыраазымын Садыр ава. Мени аянтка чакырбагандар эми чакырып тургула", -деп жазган Тата Улан.

Эске салсак, Тата Улан октябрь митингдеринде Садыр Жапаровду колдоп, "Жаштар келатат" деген ырды ырдап чыккан. Жакында эле социалдык тармактарда рэпер азыр аны эстебей калганына нааразычылыгын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД