Токмокто аялдын телефонун уурдап качып кеткен шектүү кармалды

Токмокто каракчылыкка шектелип 26 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрда жергиликтүү тургун милицияга кайрылып, дүкөндөрдүн биринин жанында бир жигит күч колдонуп уюлдук телефонун алып качып кеткенин айткан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Каракчылык" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Укук коргоо кызматкерлери 26 жаштагы Ю.В. аттуу жаранды кармашкан. Анын Токмоктогу дагы бир уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталган. Бул факты дагы катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси "Уурдоо" боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД